www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак же чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Экинчи Азия департаментинин директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазат.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин орнотуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактагы өлкөлөр талибдер өкмөт түзүүдө "чечкиндүү жана батыл кадам" жасайт деген пикирде. Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализм жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов. Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости