www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвага жана анын аймагына 17-майга караган түнү ири дрон чабуулу болду. Бул жыл башынан берки эң ири чабуул экени айтылды .

Мария Захарова Украина Москва аймагына кол салууда жалаң гана жарандык объектилерге сокку урганын билдирди. Губернатор Воробьев билдиргендей, Москва аймагындагы түнкү кол салууда үч адам каза болуп, 18 адам жаракат алган.

Москвага жана Москва аймагына жасалган ири дрон чабуулу террордук чабуул болуп саналат, деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова.

Анын айтымында, Украина "массалык террордук чабуул" жасаган. "Бутага жалаң гана жайкын тургундар алынган. Тактап айтканда, көп кабаттуу үйлөр жана жеке үйлөр", - деп билдирди Захарова, ТАСС агенттигине.

Дипломат Украинанын аракеттерин Европа Биримдиги өлкөлөрү каржылап жатканын белгиледи.

Москванын мэри Сергей Собянин 120дан ашык дрон тосуп алынганын билдирди. Дрондордун сыныктары Москва мунай иштетүүчү заводунун (МЭЗ) жана Шереметьево аэропортунун аймагына түшкөн.

Последние новости