www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон мамлекеттердин жетекчилеринин саммити Россия лидери Владимир Путиндин катышуусунда Москвада 16-майда өтөт. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканына таянып жазды.

"ЖККУнун түптөлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 16-майда аталган уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Иш-чарада лидерлер жолугат жана андан сырткары иш нанүштөсүнүн форматында өз-өзүнчө сүйлөшөт.

Саммиттин жыйынтыгы менен Зась (ЖККУнун башкы катчысы Станислав) жана (Армениянын премьер-министри Никол) Пашиняндын журналисттерге маалымат берери күтүлүп жатат", — деди Песков.

Ал Армения азыр уюмга төрагалык кылып жаткан өлкө экендигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости