www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Кара-Суу районунда туулган 26 жаштагы А.З. октон жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү Москванын "02" кызматына чакыруу түшкөн. Анда ок жеген киши Тез жардам кызматы менен реанимация бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Жабырлануучуга баш сөөк жаракаты жана мээнин шишиги деген диагноз коюлган.

"Факты боюнча Москва шаарынын Красносельск району боюнча тергөө бөлүмү "Ден соолукка атайылап оор залака келтирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Элчилик Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен иштешип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучу өтө оор абалда жаткандыктан элчиликтин кызматкерлери аны менен сүйлөшө электиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости