www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада суу коллекторундагы үч жумушчунун өлүмүнөн кийин жалданма уюмдун директору кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Каргашалуу окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адам агып кеткен. Алардын экөө кыргызстандык жигиттер, бирөө тажик жараны.
Тергөө комитети коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.
“Ушул тапта 1984-жылкы жеке компаниянын башкы директору кармалды. Ага карата тиешелүү тергөө аракеттери көрүлүүдө. Кылмыш иши боюнча иликтөө уланууда”, - деп айтылат билдирүүдө.
Расмий маалыматка караганда, учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда.
Булак: NazarNews.kg