www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны 17-апрелде Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу брифингде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Быйыл Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги түзүлгөнүнө 35 жыл толот. Тышкы иштер министрлеринин саммити юбилейлик жылдагы алгачкы эл аралык иш-чара болот.

«17-апрелде Москвада Россиянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы КМШ ТИМКнын кезектеги жыйынына катышат», – деп маалымдады Захарова.

Жыйын Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Кабыл алуулар үйүндө өтөт. Анда министрлер эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышат.

Последние новости