www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада кыргыз кызы жаңы төрөгөн ымыркайын коробкага салып подъездге таштап салган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
22-сентябрда Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин астынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүгү табылган. Аны алгач короо шыпыргыч таап, полиция чакырган. Жаңы төрөлгөн ымыркай кыз өлүү болгон. Полиция кызматкерлери иттин жардамы менен 15 мүнөттө ымыркай чыгарылган батирди табышкан. Ымыркайдын энеси 23 жаштагы Нургүл (аты өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жараны болуп чыккан.
Нургүл полиция кызматкерлерине төмөнкүчө түшүндүрмө берген: Ал толгоосу келгенде ваннага кирип өзү төрөгөн. Айтымында, ымыркай өлүү төрөлгөн. Дем алган да эмес, ыйлаган да эмес. Ошондо ал наристесин пакетке салып, аны халаты менен ороп, жашырып койгон. Андан соң ваннаны жакшылап жууп чыгып, ошол эле күнү кечинде ымыркайын биринчи кабатка алып түшүп, кагаз салуучу коробкага таштап салган.
Маалыматтарга караганда, келиндин күйөөсү жана эки жаштагы кызы бар. Кеп болуудан коркуп, ал боюнда бар экендигин жашырып жүргөн.
Учурда ымыркайын таштап салган келин Москвадагы ооруканалардын биринде полициянын кайтаруусунда дарыланууда.
Ымыркай өлүү төрөлгөнүн же энеси атайылап өлтүргөнүн экспертиза аныктайт. Экспертизанын жыйынтыгына жараша анын үстүнөн кылмыш иши козгоо маселеси чечилмекчи.
Булак: "NazarNews.kg"