www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын жараны адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына шилтеме берүү менен билдиришти.
ЖМКдагы маалыматка караганда, маркум дагы Кыргызстандын жараны. Ал чогуу жашаган 3 жердешине акчасы менен мактанчу. Себеби маркум бизнес менен алектенчү. Тактап айтканда унааларды ижарага берчү.
Ошону менен бирге маркум жердештерин «лузер» деп атап, бир нече жолу кемсинткен. Андан тышкары маркум туугандарына жакында ири суммадагы акчага ээ болорун, ага жаңы унааларды аларын айткан. Ошондон кийин шектүү ичи күйүп, жердешинин акчасын өзүнө ыйгарып алууну көздөгөн.
Шектүү батирдин эшигинин ачкычы анда гана болушуна жетишип, эки жердешинин үйдөн кетишин күтүп, андан кийин маркумду өлтүрүп, акчасын алып алган. Чогуу жашаган эки жердешине аны полиция кызматкерлери кармап кетишкенин айтып, телефонун өчүрүп, Бишкекке учуп кеткен.
Шектүүнүн эки жердеши батирге кире албай калып, полиция кызматкерлерин чакырышкан. Ошол учурда маркумдун жансыз денеси табылган.
Шектүү Бишкек шаарында кармалды. Аны Россияга экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg