www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Орусияда таксист болуп иштеген кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектелген жаранды 2023-жылдын 21-январына чейин камакка алды. Бул тууралуу Москванын прокуратурасынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 21-ноябрга караган түнү таксисттин 33 жаштагы жүргүнчүсү Елнинская көчөсүндөгү үйдүн короосунда токтоп турган унаанын арткы орундугунда отуруп, 50 жаштагы айдоочуга кол салган. Аны сабап, анан колун билегине желим сыдырма байлаган.

«Андан кийин шектүү коопсуздук курун мойнуна тагып, муунтуп өлтүргөн. Ал киши колдуу болгон адамдын 5 миң рублин жана банк картасын уурдап, окуя болгон жерден качып кеткен», — деп белгилейт Москва прокуратурасы.

Шектүү РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда («Каракчылыкка байланыштуу адам өлтүрүү») жана 162-беренесинин 4-бөлүгүнүн «Б» пунктунда («Каракчылык») каралган кылмыштарды жасаган деген айып тагылган.

Эске салсак, 22-ноябрда мекендешибиз Москвада киши колдуу болуп табылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, сөз болуп жаткан адам ал жерде таксист болуп иштеген 1972-жылы туулган Б.У.У. Маселе дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости