www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австриянын канцлери Карл Нехаммер менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвада өткөн сүйлөшүүсү аяктады. Эки лидер бир сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда Украинадагы согуштук аракеттерди талкуулады.
Нехаммер Путин менен "ачык, түз жана катаал" сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.
"Мен Бучадагы жана башка аймактардагы согуш кылмыштарын сөз кылып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылыш керек экенин айттым",- деп жазылган канцлердин кеңсеси тараткан билдирүүдө.
Маалыматка караганда, мындан тышкары канцлер Путинге Украинада жоготуулар көбөйгөн сайын санкциялар катаалдаша берерин эскерткен.
Көп сандагы далилдерге карабастан Орусия аскерлери Украинадагы жайкын тургундарга каршы кылмыштарга барганын мойнуна албай келет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Бучадагы окуяларды геноцидге теңеген. Ал жактан орус аскерлери чыгып кеткенден кийин журналисттер көчөлөрдө калган ондогон адамдардын сөөктөрүн тартып көрсөтүшкөн. Буга байланыштуу Батыш Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырган.
Буга чейин орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча эч кандай билдирүү жасабай турганын айткан.
Австрия – НАТОго кирбеген нейтралдуу өлкө. Ал Украинага курал-жарак берген жок.