www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва областындагы OZON компаниясынын кампасында иштеген КР жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Алынган маалымат боюнча, Истра аймактык клиникалык ооруканасына КРнын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 жаран жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.
"Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө.
Булак: NazarNews.kg