www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва шаарына караштуу Люблино райондук соту полиция кызматкерлери менен чырдашкан мигранттарга өкүм чыгарды.

Окуя 15-декабрда «Садовод» базарынын жанында болгон. Соттун чечими менен 73 мигрантка жаза берилди. Тактап айтканда 51 адам полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес деп табылып, административдик жаза катары камакка алынды. 22 адам Россияда жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылмай болду.

Окуя тууралуу:

Тажикстандын 21 жаштагы жараны унаа менен бараткан. Полиция кызматкерлери унааны токтотуп, документ текшерүүнү көздөшкөн. Бирок айдоочу качууга аракеттенип, полиция кызматкерин унаасы менен бир нече метрге сүйрөгөн. Андан кийин унаадан түшүп, полиция кызматкерине кол салган

Айдоочуну кармоо учурунда сексенден ашуун адам келип, айдоочуну полиция кызматкерлеринен бошотууга аракет кылышкан. Ошондой эле полициянын унаасынын дөңгөлөгүн жарышкан. Полиция кызматкерлери асманга ок чыгарууга мажбур болгон. Айдоочу 2024-жылдын 16-февралына чейин камалды. Ал күнөөнү мойнуна алган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости