www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Руки вверх!" тобунун экс-солисти 36 жаштагы Владимир Капыриндин жансыз денеси Москвадагы батирлердин биринен табылды. Бул тууралуу РИА Новостиге атасы Дмитрий Капырин билдирген.

Анын айтымында, уулу аны менен бир нече күн байланышкан эмес. Андан кийин Дмитрий жубайы менен анын батирине барышкан.

"Ал башынан жаракат алган абалда канжалап жатыптыр. Мага ал бирөө менен келише албай жатканын айткан. Ал тургай бир ирет көчөдө сабап кетишкен. Бул окуянын уулумдун өлүмүнө тиешеси бар же жок экенин эч ким билбейт", - дейт маркумдун атасы.

Дмитрий Капырин уулунун iPhone үлгүсүндөгү телефонун жана "чоң суммадагы акчасын" да уурдап кетишкенин айтат. "Тергөөчүлөр алгач ишти активдүү карап, бирок кийин өлүмдүн себеби токмоктолгондон эмес экенин билдиришти. Бирок алар денеге залал келтирүү жана уурулук фактыларын танбайт" дейт Капырин. Ал ошондой эле музыканттын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жок экенин баса белгилейт.

Өз кезегинде укук коргоо органдары Владимир Капыриндин өлүмүнө алдын ала жүрөк оорусу себеп болгонун билдиришет. Башындагы жаракатынан сырткары денесинде жаракаттар жок экенин маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости