www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү видеокайрылуу жасаган мекендештери менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-августта социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Россия Федерациясында эмгектенген жаш жигиттердин тобу кыргыз кыз-келиндерине эскертүү берип кайрылган видеосу тараган. 

Бул окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Ички иштер министрлиги ыкчам түрдө өзүнүн Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө тапшырма берген. Анын негизинде видеокайрылуу жасаган жарандардын өздүгү такталып, алар Москвада жүрүшкөнү аныкталып, Өкүлчүлүккө чакырылды.

Алардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. 

"Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турушканын билдиришти.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Россиядагы кыргызстандык мигранттар ал жакта жашаган мекендештерин сойкулук менен алектенбөөнү талап кылган видео пайда болгон.

Видеодо эркек кишилер Москвада кыргыздын жеңил ойлуу аялдары көбөйүп жатканын билдиришкен.

"Алардын айынан биз башыбызды бийик көтөрүп баса албай калдык. Ошондуктан биз эскертүү беребиз. Сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыз-келиндерди видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырабыз", — деген алардын бири.

Последние новости