www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы Москвада чоң майрам менен белгиленет. Бул иш-чарага бир катар мамлекет башчылары катышары күтүлүүдө.
Катышуучу өлкөлөр:
Сербия жана Словакия – Сербия президенти Александр Вучич жана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москкага барууну пландап жатышат.
Кытай – Төрага Си Цзиньпин 9-майдагы иш-чарага катышарын ырастаган.
Бразилия – Президент Луис Инасиу Лула да Силва Москвадагы майрамга катышарын билдирген.
Палестина – Президент Махмуд Аббас да салтанатка катышат.
Израиль – Израиль өкүлдөрү 9-майды тарыхый дата катары таанып, Москвадагы иш-чарага катышарын ырасташты.
ОДКБ мүчө өлкөлөрү – Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан лидерлери дагы чакырылган.
Башка чакырылган өлкөлөр – Вьетнам, Монголия, Лаос жана Республика Сербскаянын жетекчилери да салтанатка чакыруу алышкан.
АКШдан атайын конок – Америкалык өкүлдүн катышуусу күтүлүүдө.
Келүүдөн баш тарткан өлкөлөр:
Венгрия – Премьер-министр Виктор Орбан 9-майда Москкага барбай турганын билдирген.
Германия – Германиянын өкүлдөрү Украинадагы согуш аяктаганга чейин Жеңиш күнүнүн парадына катышпай турганын айтышкан.
Ошондой эле, "достук мамилеси жок" өлкөлөргө расмий чакыруу жөнөтүлгөн эмес.