www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги менен биргеликте “Крокус Сити Холлдо” болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Министрлик жана Кыргыстандын элчилиги кырдаалды байкоону улантууда.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости