www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-июлга караган түнү бир нече украиналык учкучсуз учактар Москвага чабуул коюшту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "Москва-Сити" бизнес борборунда жайгашкан "IQ-квартал" имаратында жарылуу болду. Укук коргоо органдары ошондой эле борбор калаага кол салууга катышкан Москва облусунда эки учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Москванын мэри Сергей Собянин окуянын кесепетинен "Москва-Сити" борборунун эки мунарасынын фасаддары бир аз жабыркаганын билдирди.
"IQ-кварталынын" 50 кабаттуу имаратынын бешинчи жана алтынчы кабаттарынын айнектери талкаланып, "Москва Сити" комплексинин имараттарынан эл эвакуациялана баштады.
"Око-2" мунарасында биринчи кабаттан төртүнчү кабатка чейин айнектер сынган.
Учуп-конуу үчүн өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу борбордогу Внуково аэропорту жабылып, кийинчерээк аэропорт кайрадан ачылган.
Учурда Москванын аба зонасында жана Москва областында учууга тыюу салынды.
Пилотсуз учактын кол салуусунан бир адам жаракат алды. Москва шаарынын аймагындагы Тестовская көчөсүндөгү унаа кыймылы жабылганын Москванын Транспорт департаменти билдирди.
Коргоо департаментинин маалыматы боюнча, чабуулга үч учкучсуз учак катышкан: алардын бири Москва облусунун Одинцово районунун үстүндө абада жок кылынган, калган экөө электрондук согуш каражаттары менен басылган, алар Москва шаарынын аймагына кулаган.
Булак: NazarNews.kg