www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-август күнү кечинде Москванын борборундагы Кудрин аянтындагы Balzi Rossi ресторанында болгон жардыруудан каза болгондордун саны беш адамга жетти.

Бул тууралуу орусиялык Telegram-каналдар, анын ичинде Baza жана Mash билдиришти.

Маалыматтарга караганда, дагы кеминде алты адам оор абалда ооруканада жатат.

Алгач окуянын себеби катары газдын чыгып кетиши айтылган. Бирок кийинчерээк Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети ресторандын кире беришинде колго жасалган жардыргыч жарылганын маалымдады.

Буга чейин «Важные истории» басылмасы Москванын кымбат ресторандарынын бириндеги жардыруунун бутаcы Орусиянын Аскердик-аба жана космостук күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Чайко болушу мүмкүн экенин жазган. Ал ресторанда туулган күнүн өткөрүп жаткан Украинада Чайко согуш кылмыштарына байланыштуу айыпталып келет.

Белгилей кетсек,  1-августта Москванын борборундагы Кудрин аянтында жайгашкан Balzi Rossi ресторанында жардыруу болуп, андан кийин өрт чыккан. Ресторан көп кабаттуу үйдүн жанында жайгашкан.

«Коммерсант» басылмасы өз булактарына таянып билдиргендей, жеке кечеде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу. Металл шариктер менен толтурулган жардыруучу зат аралыктан башкаруу жолу менен жардырылган. Алдын ала маалымат боюнча, баштыкты алып келген аял анын ичинде эмне бар экенин билген эмес.

Жардыруудан баштыкты көтөрүп келген аял, күзөтчү жана дагы бир ресторандын коногу каза болгон. Мындан тышкары, кеминде 21 адам жаракат алган.

Последние новости