www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада 3-3,5 миллион мусулман жашайт, анын 2 миллиону жергиликтүү тургундар, калганы мигранттар, бардыгы болуп төрт мечит бар, шаарда намазкана да иштейт. Бул тууралуу борбор калаанын муфтийи, Москва собордук мечитинин башкы имамы Ильдар Аляутдинов билдирди.

Анын айтымында, динчилдер мечиттерде гана эмес, мусулмандардын маданий борборлорунда жана намазканаларда да намаз окуй алышат.

"Мисалы, Москва мусулмандарынын дин башкармалыгынын (борбордо башка мусулман уюмдары иштейт - ред.) курамында 21 жергиликтүү мусулман диний уюму бар. Алардын онундо өзүнчө жайлар бар, аларда намазкана иштейт жана башка диний иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми жамааттардан тышкары, мисалы, айрым аэропорттордо жана медициналык мекемелердеда иштейт. Москванын Дин башкармалыгына караштуу жамааттарды жана мекемелердеги намазканаларды эсептесек, бардыгы болуп 25 намазкана бар”, - деп түшүндүрдү муфтий.

Ал «мигранттар үчүн эле эмес, жалпысынан намазкана сыяктуу мечиттер жетишсиз» деп баса белгиледи жана муну көрүү үчүн жума күнү кечинде Москва соборуна мечитке келүү жетиштүү экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости