www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кезде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал, саясий кризистен улам геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болууда. Экономикалык, саясий башкаруу системасы өзгөрүп жатат.
Түпкүлүгүндө дүйнөгө ким кожоюндук кылат деген таасир талашуу өкүм сүрүүдө. Башкача айтканда, Америка дүйнөгө бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетин көрсө, Россия ага жол бербөө үчүн көп полярдуулук система болуш керек деген позицияны карманууда.
Мына ушундай абалга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баа берип: "Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жаңы дүйнөлүк тартип орномокчу. Бүгүнкү дүйнөлүк тартип – жөнөкөй, кыскача айтканда бир ордолуу (бир полярдуу) дүйнө бул АКШ" - деп билдириптир.
Бул пикири аркылуу Батыштын саясатын колдоп дүйнөнү Америка башкарат деген жыландын башын кылтыйткан экен. Муну менен Текебаев батышчыл саясатчы деген пикирлерди далилдеп койду өңдөнөт.
Сыягы, Текебаев үчүн дүйнөнү Америка башкарганы маанилүү тура. Буга Россиянын позициясын коргогон досу, саясий серепчи Сабыр Муканбетов каяша жооп айтпаганы кызык. Бирок, социалдык тармактарда "Текебаев алжып калганбы" деген сындар айтылып жатат...
Булак: NazarNews.kg