www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият Сузакта туунун өрттөлүшү боюнча пикирин билдирди

Муфтият Кыргызстандагы мусулмандарды мамлекеттик туу, герб жана гимнди аздектөөгө чакырды. Бул тууралуу диний уюмдун бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат.

Ал эгемендүүлүктү барктоо зарылчылдыгын белгилейт.

«Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү», — дейт муфтият.

Эскерте кетсек, 3-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар Б. Шамшиев атындагы жана С. Атабеков атындагы мектептердеги мамлекеттик тууну түшүрүп жана өрттөп, желектин ордуна араб жазуулары бар мата менен алмаштырылган.

31-майда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 мүчөсү кармалды, бирок алардын туу маселесине тиешеси маалымдалган жок.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости