www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы өлкө аймагында катталган жаратылыш кырсыктарына жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу элдин амандыгын, мамлекеттин тынчтыгын жана жердин берекесин тилеп түлөө өткөрдү.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, аксакалдар, диний аалымдар жана Муфтияттын кызматкерлери катышты.
Түлөө учурунда өлкөнүн тынчтыгы, элдин ынтымагы, жаратылыш кырсыктарынан жана ар кандай балээлерден сактоо, ошондой эле мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн дубалар окулду.
Иш-чаранын алкагында бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана башка жардамга муктаж адамдарга таратылды.
Мындай иш-чаралар Муфтияттын аймактардагы өкүлчүлүктөрү тарабынан да уюштурулуп, муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардамдары көрсөтүлдү.
Муфтият белгилегендей, саамалык ислам дининдеги кайрымдуулук, боорукерлик жана муктаждарга колдоо көрсөтүү баалуулуктарын жайылтуу, ошондой эле коомдогу ынтымакты, биримдикти жана өз ара жардамдашууну бекемдөөгө багытталган.