www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын түштүк-батышындагы мектепте өспүрүм мугалимди бычактап өлтүргөнүн France Bleu радиосу билдирди.

Окуя Пиреней-Атлантика департаментиндеги Сент-Жан-де-Луз коммунасындагы жеке католик лицейинде болгон. Студент испан тили сабагынан берген мугалимге кол салган.

Өспүрүм онунчу класстын окуучусу экени такталган. Учурда ал камакта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16 жаштагы студент рюкзак менен класска бычак көтөрүп келген. Кол салуунун так себептери азырынча тактала элек, бирок биринчи сурак учурунда лицейдин окуучусу "мугалимди өлтүр деген үндөрдү укканын" айткан.

Тергөөчүлөр трагедиянын чоо-жайын ачыктай элек, бирок теракт эмес деп эсептешет. Француз маалымат каражаттары ырасталбаган расмий маалыматтарга таянып, өспүрүм психикалык жактан бузулушу мүмкүн экенин айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости