www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында  спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча:
Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) - алтын медаль;
Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) - күмүш медаль;
Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) - коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортсмендин бардыгы медаль тагынышты:

Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;
Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) - күмүш медаль; 
Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) - коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча:
Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) - коло медаль;
Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) - коло медаль.

 

Последние новости