www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Шербаев Мухтар Нурмаматович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Шербаев буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.

Мухтар Нурмаматович Шербаев 1977-жылы 24-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Айры-Там айылында туулган.

Ал кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Последние новости