www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мунайды ири көлөмдө экспорттогон Кувейт аба ырайынын глобалдык жылышынан улам жана бийликтин зыяндуу заттардын чыгышын азайтпай жатканына байланыштуу жашоого жараксыз аймакка айланып бара жатат. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
Өткөн жылдын июнь айында өлкөдөгү абанын температурасы 50 градустан ашкан. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик башкармалыктын божомолу боюнча, 2070-2100-жылдары абанын орточо температурасы 4,5 градуска көтөрүлүп, климаттык нормадан ашат. Мындан улам аймак жашоого жараксыз болуп калмакчы.
Жапайы жаратылыш бүгүнкү күндө эле жабыркап жатат. Канаттуулар жайкысын суу менен көлөкө таппай өлүп калып жатса, сүт эмүүчүлөргө күн өтүп кетүүдө. Ошондой эле жапайы жаныбарлар өздөрү байырлаган жерден чөп таппай шаарга чейин келүүдө.
"Кувейтте жапайы жаныбарлардын саны кыскаргандан кыскарып бара жатат. Себеби алар бир сезондон чыкпай калууда", — деди ветеринар Тамара Кабазард.
Кувейт мунай экспорттоо боюнча ОПЕК өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү сапта турат. Зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга акчанын жетишсиздиги эмес, бийликтин аракетсиздиги себеп. Ал эми Жакынкы Чыгыштын башка мамлекеттери абанын глобалдык жылышына каршы күрөшүү боюнча милдеттерди мойнуна алган. Мисалы, БАЭ 2050-жылга карата, Сауд Аравиясы 2060-жылга чейин углероддук нейтралдуулукка жетүүнү пландап жатат. Кувейт болсо 2035-жылга чейин парник газынын чыгышын болгону 7,4 пайызга кыскартууну убадалады. Бул минималдык көлөмдөн алда канча аз.
Жергиликтүү тургундар климаттан жапа чеге элек. Себеби баары жеке автоунаасы менен жүрөт. Өлкөдөгү бардык имараттарда кондиционерлер орнотулган. Кувейтте коомдук транспортту мигранттар гана колдонот. Жайкысын түштөн кийин ачык жерде унаа айдоого тыюу салынганы менен гастарбайтерлер эреже бузууга аргасыз.
Булак: NazarNews.kg