www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык мунай компаниялары күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча жаңы багыттарды издеп, Кытай, Казакстан, Азербайжан, Беларусь жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, компаниялар күйүүчү майды тез жана арзан жеткирүүнүн жолдорун караштырып жатышат. Ал эми энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов өлкөдө күйүүчү майдын кору азырынча жетиштүү экенин айтып, учурдагы запас 1–1,5 айга жетерин белгиледи. Кыргызстан күйүүчү май боюнча импортко көз каранды бойдон калууда