www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурадил Джумадилде уулу 2025–2027-жылдарга карата кол коюлган Башкы макулдашуунун алкагында өткөрүлгөн Республикалык үч тараптуу комиссиянын жумушчу кеңешмесине катышты.
Жыйынга ошондой эле ККБФ төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана иш берүүчүлөр тараптын өкүлдөрү катышышты.
Тараптар социалдык өнөктөштүктү бекемдөө, эмгек мамилелерин жөнгө салуу жана кызматкерлердин укуктарын коргоо маселелерин кеңири талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025–2027-жылдарга карата Башкы макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу, Эл аралык эмгек уюмунун Конвенцияларын ратификациялоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү, жумуш орундарын сактоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча конкреттүү чаралар каралды.
Өз сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Башкы макулдашуу – бул жөн гана документ эмес, бул мамлекет, иш берүүчүлөр жана профсоюздар ортосундагы өз ара жоопкерчиликтин жана ишенимдин белгиси. Биздин негизги максатыбыз – ар бир кызматкердин укугун коргоо, татыктуу эмгек акы жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу. Социалдык диалогду чыңдоо аркылуу гана туруктуу өнүгүүгө жетише алабыз», – деди ал.
Ал ошондой эле кесиптик бирликтер кабыл алынган чечимдердин аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзөрүн жана эмгек жамааттары менен тыгыз иш алып барарын кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөр ассоциацияларынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын кеңейтилген жыйынын өткөрүү, ошондой эле Генералдык макулдашуунун алкагында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын активдүү кызматташтыкта камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жөнүндө макулдашышты.