www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мурас» футбол турнири башталды

Спорт — бул достуктун жана биримдиктин жарчысы, — деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев футбол боюнча салтка айланган кезектеги “Мурас” достук турниринин ачылышында.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатканын эске салган Төрага ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган командаларга ийгиликтерди каалады.

“Спорт — бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан, бул спорттук иш-чарадагы негизги максат жеңишти эле багынтуу эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу”, — деген төрага ар бир оюнчуну жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, турнирде 16 команда күч сынашат. Алардын катарында өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган “Президент”, төрага Нурланбек Шакиев баштаган “Жогорку Кеңеш” командалары, агартуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан, дин ишмерлеринен жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар да бар.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости