www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурат Акимов мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

2020-жылдын 11-ноябрында «РСК Банктын» акционерлеринин кезексиз жыйыны болду. Анда банктын директорлор кеңешинин мүчөсү Мурат Акимовдун мындан аркы ишмердүүлүгү токтотулган. 

Ошону менен катар эле жыйында Эркинбек Абдразаков жана Сүйүнбек Мүсүралиевдин талапкерлиги кеңештин мүчөлүгүнө жактырылган. 

Белгилей кетсек, Сүйүнбек Мүсүралиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик үлүшү бар ишкердик субъектилеринин директорлор кеңешинин тизмесинде болгон.

Өз кезегинде Эркинбек Абдразаков «Айыл Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 

Кошумчалай кетсек, 2019-жылкы ММКда жарыяланган маалыматтарга таянсак, Абдразаков «Солнечный берег» пансионатына ээлик кылган, 2013-жылы аны 47.7 млн сомго сатып алган. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости