www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эли чыйрыгып турат! Жок сууктан эмес, Чыныгы уулунун акреттике эрте аттанып кетип жатканына чыйрыгып, үшүп турат. Ооба, кечөө эле «Чыныгы Генерал каза болуптур», - деген суук кабар, заматтын ортосунда кыргызстандын булуң бурчуна буюккан шамалдай жетип барды. Ошентип, кабыргабызды кайыштырган ачуу кабар баарыбызды аза кайгысына чогулууга аргасыз кылды...
Аза жыйыны, айла жок азаптуу иш да. Жазмышка акараат жок. Бирок, кандай болгон күндө да маркумга баа берип, ардактап акыркы сапарына узатуу парз! Аза жыйынын ички иштер министри ачты. Чыныгы Генерал лейтенантты акыркы сапарга узатууда, азыркы министр генералдык формасын кийип келгенден тартынгандай...
Кыргыз республикасынын Президенти Садыр Нургожоевичтин аза сөзүн Мамлекеттик катчы Касманбетов Сүйүнбек Сапарбекович окуп берди. Аза жыйынына келгендер, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Усенбековичтин, маркум Генералдын башынан кечирген ачуу чындыгы жөнүндө айтканын башты жерге салып уктук. Генералдын чындап революциянын курмандыгы болгондугун каңырыгын түтөтүп айтты.
Баш ийкеп, кейиш менен бир кездеги кандуу кырдаалды кайра көз алдыбызга келтирип Генералды кайрадан аяп, кайрадан эрдигине, туруктуулугуна суктанып өттүк. Чыны, Акылбек иним айткандай биздин Генерал ошондо чыныгы профессионал кандай болуш керектигин азыркы кызматкерлерге, өзү үлгү болуп көрсөтүп кетиптир.
Аттиң, ошол окуядан кийин, «мен минтип тептим, мен минтип...», - деп мактанып жүргөн ала көөдөк акмактар азыр кандай ахыбалда экендигин билбейм, билгим да келбейт... Кудайга койдук!
Генералдын агасы, Камабаралы агабыз сүйлөгөндө муун жүлүнүбүз бошоп, «кайың ыйлап, тал ыйлап турду». «Асмандагы жарык жылдызым, жалгыз иним, 12 жыл жаш айырмабыз бар эле, Сен мени акыркы спарга узатат деп каниети кылып жүрсөм эми мен айла жок сени узатып жатам.
Кандуу окуядан кийин 12 жыл азап тарттык. Бирок ошону да сен билгизген жоксун. Инимдин 12 жыл азап тартканын Камчыбек Ташиев иним бир кана «чарчапсың арыстаным», - деген сөзү менен билдирип өттү... Көрсө ал азаптын баары инимдин жүрөгүнө таасирин тийгизген тура...», - деген армандуу сөздөрүн ага менен кошо ыйлап уктук. Жүрөк эзилди...
Кайрат кылыңыз, урматтуу Камбараалы ага, боору бүтүн киши жоктур, жалгыз агамды, жалгыз инимди узатууну башымдан өткөргөн жаным, Сиздин жан кейиткен азаптуу сөздөрүңүзгө мен да ичимден солкулдап ыйлап турдум. Кайгым жаңырып жанымда турду...
Бейитке бардык. Кайсыл топко жакындаба баарынын оозунан «Кайран генерал! Чыныгы Генерал эле!», - деген үшкүрүк аралаш үн чыгып жатты! Тирүүсүндө ошону билип турсак дагы, 12-жыл бою ошону айтпай, колтуктан жөлөбөй келсек, бүгүн баарыбыз ошону кайра-кайра кайталап, эсибизге салып, ошол сөзүбүз менен өзүбүздү дагы чыныгы Генералдын алдында актанып жаткандай болдук окшойт!
Аттиң ичим күйгөнү эле өткөн 12-жыл бою Элдик Генералдын чыныгы барк баасын билбеген, же билип турса да билмексен болгондорго нааразычылыгым күч. Балким мамлекеттик деңгээлде баркын билип, жок дегенде кеп кеңешип турганда балким бүгүнкү аза жыйыны болмок эмес эле.
Айта берсе арман түгөнбөйт. Ооба, Молдомуса Ташболотович Чыныгы генерал эле. Турган турпаты, сүйлөгөн сөзү, кылган иши да Генерал эле.
Тамашалап каткырса да ар жагында чыныгы Генералдык сүрү сезилип турчу. Негедир менден улуу деп ойлочумун. Бирок кичүү болсо да менден Улуу болчу. Үзөнгүлөш болбосок да кезигишкенибизде ак дилден учурашып, ал жайды сурашып калчуу эле...
Топурак салдык, куран окудук...
Камбараалы аба, дагы бир жолу кайрат кылыңыз! Чындыгында, адамдардын эки өмүрү, эки өлүмү болот. Биринчи өмүрү бул жалган дүйнөдө жашап өткөн өмүрү, экинчи өмүрү бул анын элине сиңирген эмгектери, анын кадыр баркы.
Ошондуктан, иниңиздин, элдин эсиндеги өмүрү түбөлүктүү жашай берет. Жылдызыңыз өчкөн жок аба, ал баякыдан дагы жаркырап узака жаркырап жашай берет. Балдарына нурун чача берет...
Долон Мурзакматов
Асылды колдон алдырдык,
Арстандай айбаттуу,
Ардагыбыздан айрылдык.
Бет маңдай бизге олтурган,
Бешенебизди толтурган,
Беренибизден айрылдык.
Кайранды колдон алдырдык,
Кабыландай айбаттуу,
Кырааныбыздан айрылдык.
Эсилинен айрылып,
Эли-журтуң турат кайгырып.
Кыраанынан айрылып,
Кыргыз эл турат кайгырып...», - деп эскерет Жетимишбаев.
Эске салсак, 12-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 64 жашында дүйнөдөн кайтты.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарында туулган.
1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин «укук таануу» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Улуттук банкта күзөтчү катары баштаган. Кийин Социалисттик менчикти уурдоого каршы бөлүмдө нөөмөтчүдөн тарта опер кызматкерге чейин жеткен. Андан соң Жалал-Абад милициясында ар кайсы кызматтарды аркалап жүрүп, 2005-жылы «жоогазын» революциясынан кийин Бишкек милициясынын жетекчиси болуп дайындалган. Бул кызматта үч жыл отуруп, 2008-жылдын январь айында ички иштер министри болгон. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.
2010-жылдын 7-апрель күнү эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы митингге чыкканда, нааразычылык эң курч болуп турган Талас шаарына барган. Ошол жерден нааразы болгон митингчилердин колуна түшүп калып ур-тепкиге алынган. Көп өтпөй аны жубайы Кыргызстандан алып чыгып кеткенин жергиликтүү ЖМКлар жазган. Бирок 26-апрель күнү КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы россиялык кесиптештеринин жардамы менен Москва шаарынан аны колго түшүрүп, Бишкекке алып келген. Ага «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» жана «Шалаакылык» беренелери менен айып коюлган.
2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан күнөөсүз деген чечим чыгарган.
Булак: NazarNews.kg