www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кээ бир талапкерлерге кылмыш иши козголсо, аларга Садыр Жапаровду сындаганы үчүн эмес, мурунку мыйзамсыз иштерине байланыштуу кылмыш иши болушу мүмкүн", - деди бүгүн, 18-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.

-Мурат ага, Садыр Жапаровду үгүт учурунда каралап, ашыкча сындаган талапкерлерге кылмыш иши козголушу керекпи же маани берилбеген бойдон калышы керекпи?

-Адамды, ашыкча каралагандыгы үчүн же жеке адамдын аброюна, намысына шек келтирип мазактагандыгы үчүн сотко берүү боюнча атайын мыйзам бар. Ашыкча каралашканы үчүн сотко берсе да болот, бирок Садыр Жапаров андай кадамга барышы мүмкүн эмес деп ойлойм. Садыр иним өтө кечиримдүү инсан экендигине жакшы эле ынанып калдык окшойт. Эгерде кээ бир талапкерлерге кылмыш иши козголсо алардын мурунку мыйзамсыз иштерине карата иш козголушу мүмкүн. Эгерде мындай иш козголсо аны бурмалап, башкача өңүттө көрсөтүүгө аракет кылгандар да толтура экендигин эстен чыгарбашыбыз абзел. Бул анда орустардын, "лучшая защита, это-нападение", - дегениндей болмокчу.

-Мурдагы мыйзамсыз иштери үчүн суракка чакырылып, иш козголгондор сындаганыбыз үчүн саясий куугунтукка кабылдык деп чыгышпайбы?

-Албетте ошентишет. Эми мезгил көрсөтөт. Эл деле ак караны жакшы эле талдап калышты окшойт.

Последние новости