www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мураталы Топчубаевич Керимбаев — эл-жерин сүйгөн, мекенчил уул. Жалал-Абад облусунун Аксы жергесинде туулуп өскөн. Билими жогорку. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт жана жапон тилин да өздөштүргөн жаш саясатчы.
Жаштайынан коомдук иштерге аралашып, элинин турмушун жакшыртууга бел байлаган Мураталы Керимбаев билим берүү жана жаштар саясаты багытында активдүү иш жүргүзүп келген. Элет жеринин көйгөйлөрүн өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген талапкер, айыл турмушунун өнүгүүсү – мамлекеттин туруктуулугунун негизи экенине бекем ишенет.
“Айыл чарбасын көтөрмөйүн, өлкө өнүкпөйт!” – деген ураан менен чыккан Мураталы Керимбаев айылдын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн башкы багыт катары белгилеп, өзүнүн 7 кадамдан турган программасын шайлоочуларына сунуштады:
1. Билим берүү жана жаштар саясаты
2. Туризмди өнүктүрүү
3. Экология жана жаратылышты коргоо
4. Кайра иштетүү жана инвестиция тартуу
5. Айыл чарбасын өнүктүрүү
6. Социалдык маселелерди чечүү
7. Мыйзамдуулук жана жарандык жоопкерчилик.
Жаш талапкер Мураталы Керимбаев эл менен жолугушууда:
“Сугат системасын жаңылоо, суу сактагычтарды куруу, фермерлерге жеңилдетилген шарт түзүү жана кооперативдерди өнүктүрүү – айыл чарбасын көтөрүүнүн негизги жолу. Эмгек биригип, максат бир болгондо гана мамлекет бекемделет!”, - деди.
Бүгүнкү күндө Мураталы Топчубаевич жергиликтүү айылдын тургундары менен тыгыз баарлашып, алардын ой-пикирин угуп, сунуштарын программасын тааныштырууда. Элдин ишеними, колдоосу жана батасы жаш талапкерге күч берип, дем берүүдө.
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 15-округдан № 1 депутаттыкка талапкер Мураталы Керимбаевдин түшүнүгү терең, алысты көрө билген, акылман, илим-билимге кызыккан, чынчыл, ар намыстуу, абийирдүү саясатта жаңы булганбаган таза жаш талапкер. Ал жаңы көз караштагы, жаңы муундун өкүлү катары эл ишенимин актоого, элге кызмат кылууга даяр.
Колдоп добуш бериңиздер!
Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.
Буйрутма №: 01
Нуска: 1 даана