www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Азымбакиевди бул кызматка дайындаган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Азымбакиев буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп, аталган уюмдун катчылыгынын Маалымат жана анализ департаментин жетектеген.

Азымбакиев ТИМдин системасында 1993-жылдан тарта эмгектенип келет. Дипломатиялык кызматтагы кезинде ТИМдин борбордук аппаратында, чет өлкөлөрдө, департаменттик директорлук, башкармалыктын башчысы кызматтарында, министрликтин секретариатынын жетекчилигинде эмгектенген жана министрдин кеңешчиси болгон. Кыргызстандын АКШ, Индия, Швейцариядагы элчиликтеринде иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости