www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркынын могиканы

Эсимде бала кезде телевизордун жанынан чыкпай «кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолоруна таасирленгенмин. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму» (“Кожожаш”) тасмасын негедир кошо жашап көрчүмүн. Качан ушул тасмасынын ого бетер көркүн чыгарган Муратбек Бегалиев экенин билгенде, ал кишинин чеберчилигине таӊ калып, дилимде агайга болгон өзгөчө сый калган эле. Мына бүгүн керемет искусство болгон кыргыз улуттук консерваториянын негиздөөчүсү, Кыргызстанга эмес, дүйнөлүк масштабдагы музыка өнөрүндө кадыр-баркы бар Муратбек агабыз менен баарлашуу чоң сыймык.

- Агай, өзүӊүз түптөгөн Улуттук консерваториянын ташын көтөрүп, ушул убакка чейин ректорлук милдети мойнуӊузга жүктөлгөн. Жетекчи болуш да оӊой олтоӊ иш эместир...

- 1993-жылы Консерватория ачуу тууралу демилге көтөрдүк. Кыргызстанда алгач улуттук консерватория ачылып, ректорлук милдетти аткарып келем. Өзүӊүз көрүп тургандай, кадимкидей консерваториянын түспөлү келди. СНГ боюнча жакшы окуу жайлардын бири болуп калды. 20 жыл ичинде не деген гана таланттарды тарбиялабадык. 20 жылдык юбилейибизди 20-декабрда жогорку деӊгээлде өткөрүп алдык. Музыканы түшүнүүдө тилмеч талап кылынбайт. Чет өлкөлөрдөн бир топ абройлуу музыкаканттар конок боолуп келишти.

Маданий чөйрөдөгү кадрлар көбүнесеси биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү экенин эч ким танбайт. Консерватория ачылганда 5 жылдан соӊ, Улуттук консерватория статусуна ээ болдук. Композитор Калый Молдобасановдун ысмы биздин окуу жайга ыйгарылды. Кыргызстанда буга чейин 2 симфониялык оркестр бар болсо, бизде дагы муниципиалдык чоӊ симфониялык оркестрин ачтык.

- Улуу жазуучубуз Айтматовдун калемине таандык «Ысык-Көлдү сагынуу” ырына кандайча обон жазып калдыңыз, мага ошол кызык болуп турат...

- Көпчүлүк журналисттер ушуга кызыгышат. Улуу инсан, эң бир эбегейсиз талант Чыңгыз Төрөкулович өмүрүн проза жанрына арнап өтпөдүбү. Бир учурда мен Европада стажировкада иштеп жүрүп калдым. Айтматов: “ой, Германияда эле жүрө бересиңби, андан көрө Люксембургга келип, посол агаңдын үйүндө чыгармачылык менен алпуруш” деген эле. Ошенттип Чыңгыз агабыз өзү тосуп алып, чыгармачылык жаатта диалог куруп, аябай жакшы убакыт өткөрдүк. Чар тараптуу талант экенин, сүрөтчү экенин сөз кылып калдык. Ар кыл темада баарлашып, немецтердин чоң композитору Карлхайнц Штокхаузен чар тараптуу талант экенин, анын сүрөтчүлүгү жөнүндө кеп кылып жатып, сиз дагы прозада жүргөн сыяктуу, поэзияга бир кайрылып көрбөйсүзбү, мен обон жазайын десем, ал: “...чоң акын болбосом, деп бирок, мына бул ыр жарайбы, бир көрчү” деди. Бир сап ыр жазган экен. Анан айттым ыр 3 саптан турат, биротоло 3 сап ыр жазып бериңиз десем. Жүрөгү менен дегдеп жазып берген. Ошондо мен 36-37 жаштарда болсом керек эле. Былтыры Б. Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында жазуучубуздун “Жамила” чыгармасын сахналаштырган режиссёр Талант Апыев болду. Ошол Даниярдын ырына обон чыгарып бердим.

Айтматов мен үчүн бир сөз менен айтканда жашоодо миң жылда бир жаралчу алп талант!

P.S. Кыргыз мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты (1988), Ч.Айтматов фондунун «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгы, «Алтын көпүрө», (Казакстан) Эл аралык ассоциациясынын лауреаты. Эл аралык чыгармачылык (Москва) жана музыка академияларынын (МЮНХЕН) академиги 2004- жылдан тартып маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган. Польша,Россия мамлекеттеринин абройлуу ордендеринин кавалери П. И.Чайковский атындагы Алтын медалдын, «Манас» орденинин ээси. Сеул университетинин сыйлуу доктору Муратбек Бегалиевдин өтө жөнөкөйлүгүн байкадым. 

Кыргыздын кыраан уулу, улуу жазуучу, Айтматов ааламы аталган Чыӊгыз Төрөкулович өмүрүнүн акырына чейин жөнөкөйлүк сапатын жоготпой өткөн. Жазуучуну Чыке, Чыке деп канчалык асманга көкөлөтүшпөсүн, баары бир жөнөкөйлүгү ийиле жер менен жуурулушуп турчу экен.

Кантсе да Муратбек Акимович Чыӊгыз Төрөкулович экөө ата-баладай болуп калганына өтө сыймыктанат. Кыргыздын Генийи Чыӊгыз ата, Муратбек аганын талантын, адамкерчилигин эң жогору баалап, эч качан айтпаган, эч кимге айтылбаган “Сен Музыканын Генийисиң!” деген улуу кеменгерлик сөзүн миллиондогон Кыргыз журтчулугуна айтуу менен Генийге айлантып кете берди.

“Акыл оошот, ырыс жугушат” дейт залкар кыргыз.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости