www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 9-декабрда Жер Ынтымагы конушунун тургундары менен жолугушууда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мэриядагы бир нече муниципалдык мекемени уурулук кылган деп айыптады.

“Төрт муниципалдык ишкананы текшердик. Ар бир нерсени өз аты менен аташыбыз керек. Ал жакта уурулук болгон. 143 миллион сом тийиштүү документи жок сарпталган. Учурда Башкы прокуратурага “Бишкек жашыл чарба”, “Бишкексвет” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканалары боюнча материалдар жөнөтүлдү”, - деди Жунушалиев.

Учурда аталган мекеменин башчыларынан комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Буга чейин баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкекте жол оңдоого бюджеттен каралган акчанын 360 млн. сому уурдалганын билдирген.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов 1-ноябрда "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жол курулушуна жумшалмак. Мэр Жунушалиев иликтөөдө аталган сумма дебитордук карыз экенин бышыктап, анын бир бөлүгүнүн эсеби табылганын айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости