www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Ысык-Көл облусунун аймагында мурда издөөдө жүргөн Н.Д. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен издөөдө жүргөн. Шектүү коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Белгилей кетсек, бул жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости