www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр декабрда сахнадан кетерин жарыялаган мурдагы эстрада ырчысы Жахонгир Атажанов 12-майда Түркиядан Өзбекстанга кайтып келди.
«Озодолик» радиосуна берген интервьюсунда ал оппозициячыл «Эрк» партиясындагы ишмердүүлүгүн жанданта турганын айтты.
«Ошондуктан, Өзбекстанга келдим. Менин максатым – президент болуу, артка жол жок», – деди мурдагы ырчы.
Былтыр декабрда 42 жаштагы Жахонгир Атажанов «шарият мыйзамдарына туура келбегендиктен» ырчылык карьерасын токтотконун жарыялаган.
Өзбекстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат.
Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт. 5-апрелде өлкөдөгү алгачкы оппозициялык партия деп эсептелген «Эрк» партиясы (Өзбекстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү ниетин билдирген.
Булак: NazarNews.kg