www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Мамлекеттик активдерин башкарган агенттик билдиргендей, Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда мурдагы президент Ислам Каримовдун тун кызына таандык бир нече объект сатыкка коюлду. Алардын бири - Бостанлык районундагы «Сижак» эс алуу жайы. Анын аймагында бир нече мейманкана, спорт зал, үч бассейн, эки фонтан, амфитеатр жана башка объекттер бар. Эс алуу жайынын жалпы аянты 5,38 гектарды түзөт.

2019-жылы бул комплекс Триатлон федерациясына өткөрүлүп берилген. Аны азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров жетектейт.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын сентябрь айында Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтарууну макулдашкан. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости