www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттиги тарабынан уюштурулган “Коопсуз Туризм” долбоорунун алкагында Стамбул шаарында онлайн-конференция болуп өттү. Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттигинин (TGA) мүчөсү Эркан Яжы: “Түркия-коопсуз туризм сертификаты менен дүйнөгө үлгү болду...” - деген пикирин айтып, NazarNews маалымат агенттигине маек берди. 

-Байкашымча Түркия-туризм боюнча таанылган эң алдыңкы өлкөлөрдөн. Пандемия-дүйнө жүзун каптап турат. Бул кырдаалдан чыгуу максаты туурасында токтоло кетсеңиз?

-2020-жылы Түркиянын туризм тармагы үчүн эң чоң жаңылыгыбыз Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилиги астында жана сектор өкүлдөрүнүн жардамы менен даярдалган “Коопсуз Туризм Сертификаты” болду. Биздин министрлик тарабынан кыска убакыттын ичинде даярдалган жана дүйнөдө биринчилерден болуп саналган сертификаттоо программасын түздүк.  Пандемия менен күрөшүүнүн кеңири шарттарына ылайыкташтырган бул программа турак жайлардан баштап кызматка чейин кадрлар, унааларга, азык-түлүк жана жана башка жалпы багыттарды камтыган. Келген туристтер эс алуу күндөрүн сертификатталган сайттарда коопсуз өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен тааныш боло алышат. Туристтердин Түркияны тандап, эс алуусун коопсуз жана ойдогудай өткөрүшүнө шарт түзүп бердик.

-Түркияда Анталия шаары-дүйнө жүзү боюнча туристтерди эң көп кабыл алган шаарлардын ичинен үчүнчү орунда турат экен...

-Албетте. Анталия бүткүл дүйнөгө үлгү болуп калды. Тышкы иштер министрибиз жана элчилерибиз биргеликте Анталияда Түркиянын коопсуз туризм сертификаты жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Мейманкана, ресторан жана башкаларды иштетүү максатта суроо-талаптар коюлду. Кандай эрежелер сакталат, ал туурасында дагы айрым маселелер кенен талкууланды. Бизге эң маанилүүсү ар бир туристтин ден соолугу. Баарыбыз жапа тырмак оор күндөрдү бирге өткөрүп жатабыз. Өлкөбүз үчүн изденүү жолундабыз, талыкпай эмгек кылууга дайым даярбыз.  Күч бирдикте!

-Качан иш жүзүнө ашты?

-Былтыры июндан баштап 30 номерден ашык мейманканаларга гана бериле баштаган. Мейманканада иштеген кызматкерлер медициналык кароодон текшерилип туруусу шарт. Келген туристтер дагы ПЦР анализден өтүүсү зарыл. Коюлган талаптар жөп-жөнөкөй, алар:

1.Беткап

2.Социалдык аралыкты кармоо

3.Тазалык

-Таажы ылаңы бүтүн дүйнө жүзүндө. Бизде күттүргөн жазда келет деген үмүт жандырган жакшы сөзүбүз бар. Медицина тармагы ушул тапта кандай чара көрүүдө?

-Эки жылдан бери жалпыбыз оор күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Албетте, баарыбыз Жараткандын колундабыз. Канткен менен сиз айткан үмүттүн шооласы өчпөйт экен. Бул эпидемиядан эң көп жабыркаган тармак туризм сектору, аны жакшы билесиз. Бардык нерсенин башчысы ден-соолук. Ушул мезгилдеги медициналык кызматкерлерибиз, оор кырдаалга карабастан өмүр сакчылар тикеден тик туруп жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга бүт күч аракеттерин жумшоодо. Биз эпидемиянын так ортосунда турабыз, андыктан медицина кызматкерлерине, ийгилик каалайбыз. Ар бир жаран эрежелерди сактап, өз ден соолугу үчүн күрөшсө, аларга чоң жардам берген болобуз.

-Эркан мырза, кызыктуу маегиңизге терең алкыштар...

-Учурдан пайдаланып, Кыргызстан, Казакстандан келген ММК тармагына терең ыраазычылык билдиремин. Биз, түрк дүйнөсү биртууган элбиз. Түркиянын тарыхый жерлерин, деңизин, боордошторубузду келип көрүп кетүүсүнө сиздер аркылуу чакырык жасаймын.

Динара Асылбекова, Түркия

Булак: NazarNews.kg

Последние новости