www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин башчысы Өмүрбек Суваналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Сыйлыкты президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапар менен барган учурда тапшырган.

Белгилей кетсек, буга чейин генерал-майор болду деген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге да наамы Баткенде берилген. Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чини ыйгарылган.

Ошондой эле, бир катар аскер кызматкерлери башкы кол башчыдан энчилүү сааттарды жана алкыш жарыяланган баракчаларды алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости