www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жаңы түзүлгөн «Акыйкат жана өнүгүү» («Хакикат ва Тараккиёт») партиясынын лидери, профессор Хидирназар Аллакулов 31-март күнү кечинде 20дай киши үйүнө кирүүгө аракет кылганын билдирди.

«Мен жашаган көп кабаттуу үйдүн подъездине жыйырмадай киши кирип келип, 40 мүнөттөй мага кыйкырышып, акарат келтиришип, жалган жалаа жабышты. Бирок мен аларды батириме киргизген жокмун», –деди Хидирназар Аллакулов.

Ушул эле күнү «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын активисттерине кол салуу болуп, белгисиз аял менен эркек партиянын кеңсеси үчүн сатылып алынган эмеректерди талкалап кеткен.

Аллакуловдун айтымында, партия жер-жерлерде кол топтоону улантууда. Ал бийликтин чагымына карабай, «Акыйкат жана өнүгүү» 7-апрелге чейин Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү үчүн кол топтоого үлгүрөөрүнө ынанууда.

Өзбекстанда расмий түрдө беш партия каттоодон өткөн. Алардын баары бийликчил болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости