www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабарда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

Жапыкеевдин айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокту жана саламаттыкты сактоону көзөмөлдөгөн бардык аткаминерлер суракка чакырылат.

«Маселе жетекчиликтин көзөмөлүндө, азыр текшерүү жүрүп жатат. Аны бүткөндөн кийин күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз. Жыйынтыгы бир айдын ичинде – февралдын ортосуна чейин белгилүү болот деп ойлойм», – деди ал.

Белгилей кетсек, коронавирус учурунда алынган гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн алкагында козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айыпталуучу катары өтүүдө. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы күбө катары чакырылган.

Эске салсак, 12-январда экс-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Финполицияга чакырылып, 5 саат сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости