www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министрлигине караштуу жаза аткаруу тутумунун мурдагы кызматкери Чымкенттеги бир тууган эже-сиңдини топтошуп зордуктоо ишинде шектүү катары өтүп жатат. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги кабарлады.

Маалыматта зордуктоо иши боюнча шектелип жаткан жаза аткаруу тутумунун мурдагы кызматкеринин аты-жөнү, ал иштеген мекеменин аталышы жана жайгашкан жери жөнүндө жазылган эмес.

Буга чейин "Не молчи" фонду жергиликтүү медиктердин бирине таянып, ооруканага өз өмүрлөрүнө кол салууга аракет кылган эже-сиңди жеткирилгенин, алар полиция кызматкерлери тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирген.

Көп өтпөй Чымкент шаардык ички иштер департаменти 15 жана 21 жаштагы бир туугандарды зордуктоого шектүүлөр кармалганын билдирген. Анда ЖМКлар шектүүлөрдүн бири ИИМ системасында иштегенин кабарлашкан.

Последние новости