www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов январь окуясына байланыштуу 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
«Бектанов Кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык аскер сотунун 2023-жылдын 24-февралындагы өкүмү менен Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 451-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт», - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев январь окуяларынан кийин Бектановду кызматтан алган. 19-февралда ага карата кылмыш иши козголуп кармалган.
Булак: NazarNews.kg