www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп, кызматтан кеткен Динара Кутманова жакын арада камакка алынышы мүмкүн.
Себеп дегенде, Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин миллиарддаган сомун максатсыз иштетип, кызматка туугандарын аралаштырып мыйзамсыз, өзүм билемдиктерге барган.
Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жарым жылдык отчёттук жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө: "Жаратылыш ресурстары министри Кутманова кызматтан кетсе дагы чара көрүлөт. Анткени жылына Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы эки жарым жылда 110 долбоорго миллиарддаган сом бөлүнүп, бир дагы долбоордон эффект болгон эмес. Сиңдисин, баласын, досторун, туугандарын баарын кызматка алып, аралаштырып алган. Ушунун негизинде жазасын алышат",- деп айтты.
Демек, жакынкы аралыкта Динара Кутмановага кылмыш иши козголуп, камакка алынышы мүмкүн. Балким, соодалашып башына айланган сур булутту таратууга аракет кылат...
Булак: NazarNews.kg