www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перунун бийликтен кулатылган экс-президенти Педро Кастилього козголоң уюштурган деген айып тагылды, деп билдирет El Comercio гезити.

Анын айтымында, Кастилло полиция тарабынан кармалып, бир нече кылмыш боюнча айыпталып, 10 суткага СИЗОго киргизилген. Алардын эң олуттуусу – бул козголоң уюштуруу аракети. Перунун кылмыш кодексинин 346-беренесинде 10-20 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган. Ошондой эле, мурдагы мамлекет башчы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коомдук тынчтыкты бузган деп айыпталууда. Мындан тышкары, ал кызмат учурунда козголгон коррупциялык кылмыштарга байланыштуу бир катар кылмыш иштерине катыштыгы бар экени айтылды.

El Comercio газетасынын билдиргенине Караганда, Перунун борбору Лима шаарында демонстрациялар Кастильону кетергенден кийин эле башталган. Борбор калаанын негизги проспектилеринин биринде митингчилер брусчаткаларды жарып, жолдун четине ыргыта баштаганда, буга жооп кылып полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Ошол эле учурда Перунун президентинин администрациясы өлкөдө коменданттык саат киргизүү жөнүндө Кастильонун чечимин жокко чыгарганын жарыялады.

"Конституциялык түзүлүш калыбына келтирилгенден кийин, коменданттык сааттын мыйзамсыз жарыялоосу мындан ары жараксыз болот", - деп айтылат администрациянын Twitter баракчасында.

Эске салсак, кечээ, 7-декабрда Кастильону парламент бийликтен четтетти, ал эми президент өзү Конгрессти (парламентти) таратканын жарыялаган. Мыйзам чыгаруучулар добуш берүүнү жокко чыгарган жок жана мамлекет башчынын отставкага кетүүсүн жактырышты. Аскер жана полиция конгрессти колдоп чыгышты. Перунун биринчи вице-президенти Дина Болуарте мамлекет башчысы катары ант берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости