www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келерки жылы ЖККУнун башкы катчысынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда бул кызматка президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги ноябрь саммитинде жактырылган.

ЖККУга төрагалык кылган Беларустун лидери Александр Лукашенко мамлекет башчылары дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук, коргонуу маселелерин талкуулаганын билдирген. Ал кыргыз-тажик мамилелерине да токтолуп “Биз муну канааттануу менен белгиледик - Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери, алардын чек арасындагы прогрессти алалы. Бул дагы биздин коопсуздук, бул дагы ЖККУнун ыйгарым укуктарына кирет”, - деп айткан.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар. Бул өткөн саммитке Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Орусиянын президенттери катышкан. Уюмдун дагы бир катышуучусу Армениянын өкмөт башчысы барган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости