www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн Кара-Балта шаарында топ балдар мушташып кетип, аларды ажыратууга аракет кылган жаран башына сокку жеп комага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 2-августта Ленин атындагы маданият үйүнүн жанындагы сейил бакта болгон. Чыгырыкты (самокат) киреге берип иштеген 15 жаштагы өспүрүм (Б.А.) кардар бала менен кайым айтыша кетип, алардын чыры топ балдардын мушташына айланган. Окуя жерине жакын болгон «Алтын Шафран» кафесинде эс алып жаткан К.У. аттуу 46 жаштагы жаран чуркап барып, мушташкандарды ажыратууга аракет кылган. Бирок ал башка сокку жеп, шаардык ооруканага жеткирилген. Жабыркаган адам комага түшүп калган.
Аталган окуя боюнча «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
3-августта бул ишке шектүү катары 15 жаштагы С.А. аттуу бала кармалган. Соттун чечими менен ал 2 айга үй камагына алынган.
Ошондой эле 5-августта дагы бир шектүү — 15 жаштагы Б.А. кармалып, соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынган.
Учурда соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Инстаграмдагы «Социалдык блог» баракчасы жазгандай, окуя күнү Адилет жана Эрлан деген балдар (аттары өзгөртүлдү) чырдашып, мушташа кеткен. Ошол учурда «Алтын Шафран» кафесинде туулган күндү белгилеп жаткан адамдар сыртка чыккан. Канат (аты өзгөтүлдү) мушташып жаткан балдарды көрүп, аларды ажыратууга барган. Ал мушташкандарды ажыратып, Эрланды үйүнө жөнөткөн. Эрлан кеткенден кийин анын артынан Адилет барып, сөзүн улантмакчы болгон.
Канат аны көрүп калып, чыр уланбасын деп аларга барат. Аларды токтотом деп Канат Адилетти бетке чаап жиберет. Андан кийин Адилет байкесин чакырат. Адилеттин агасы Мирлан (аты өзгөртүлдү) достору менен келип, ал Канат менен жакалаша кетет. Бир маалда топ балдардын арасынан бирөө Канатты башка уруп жиберет. Канат жерге кулап түшөт. Ошол учурда окуя жерине Канаттын туугандары менен достору чуркап келет. Ал арада топ бала туш-тушка чачырап кетет.
Чакырылган Тез жардам Канатты ооруканага алып кетип, ал комага түшкөнү белгилүү болот.
Учурда шектүүлөрдүн бири катары Адилет кармалган.