www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швецияда таштандынын 99 пайызы иштетилет экен. Ал аз келгенсип, сырттан мусор сатып алышат. Көптөн бери Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча айтылып эле келет, эл аралык донорлор каражат да бөлүшөт. Убагында аны курууга 22 миллион евро келген. Аны кийин жеп алышты окшойт, дайыны чыкпай калды. Буга эч ким жооп берген жок. Ошол заводдун баасы көп болсо 15 миллион евро турат. Атамбаев, Жээнбеков  сыяктууларга таянган Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Азиз Суракматов, Балбак Түлөбаевдер мэр боло калышып же таштанды заводдон жок, же бул заводду курууга келген 22 миллион евродон жок, жалдырап кала бердик. Ушул каражаттын кайда кеткенин буюрса УКМК  териштирип чындыгын айтар. Бишкекке таштандыны тоголоктой турган бир трактордун алынып келгенине беш жыл болсо да, ал ушу күнгө чейин бир да жолу от ала элек. Бирок ага күнүгө 200 литр солярка кетти деп, мамлекеттик бюджеттен акчаны жок кылышат. Ушундайларды жасап жатсак, анан кантип оңолобуз?

Бишкектин учурдагы абалы кейиштүү абалга жеткен

Бишкектеги ири жана майда өндүрүштөрдөн чыккан түтүн, Бишкекти боз каптагандай көрсөтөт. Бул менен күрөшүү үчүн жашылдандыруунун туура жолго коюу менен гана жетишебиз. Качан гана жашаган үйүбүздөн айнекти караган учурда асман көрүнбөстөн жашыл жалбырактар жаап, жумушка кетип бара жатканда гана ачык асманды көрсөк, ошондо гана Бишкекти экологиялык чыныгы таза шаар деп атоого болоор эле.

Адамзат мындан 50-60 жыл мурда жаратылыш чөйрөсүнө олуттуу өзгөртүүнү баштаган башкача айтканда завод-фабрикалардын курулушу, автомагистралдардын курулушу жана башка көптөгөн кичи ишканалардын жаратылышка зыяндуу заттарды чыгаруусу жаратылыштагы тең салмактуулуктун бузулуусуна алып келди. Экологиялык жагы каралбастан жеке кызыкчылыкты гана көздөп экономиканы өнүктүрүүгө белсенгени менен учурда түрдүү экологиялык кыйроолор көбөйдү. Региондук, локалдык, глобалдык проблемалар күн санап өсүүдө.

Бишкектин айлана – чөйрөсүнө акырындык менен көз чаптырып көрөлүчү. Дүркүрөп өнүккөн бак-дарактар жок, бирин–экин гана көрүүгө болот. Бишкектин экологиясы өтө начар абалга келип кептелди.

Кичинекей желим баштыктарды Кытайдан алып келүүнү токтотсок, бул жактан дагы чыгарууну тыюу салышыбыз керек. Ал эми чоң баштыктар башкача айтканда кайра иштетүүгө жана чогултууга жарай тургандар колдонула бермекчи. Мисалы Ош, Баткен, Жалал-Абадда кагаз пакеттерди базарларда колдонуп атышат. Элдер пластик таштандылардын зыяндуулугун билип аларды өрттөбөй жергиликтүү тазалык ишканаларына тапшырып беришсе деген ойдобуз. Себеби бул биринчиден биздин ден-соолугубузга зыян жана экологиялык коопсуздук жаратууда.

Таштандылар үчүн көрүлгөн иш чаралардын тарыхы

200 миң жыл мурун б.з.ч. Биринчи таштандылар археологиялык казуулардан табылган. Жаныбарлардын таш бетинде калган калдыктары табылган.

400 жыл мурун б.з.ч. Африка шарында муниципалдык калдыктан негизделген.

200 жыл мурун б.з.ч. Римде таштандыларды тазалоо үчүн атайын кызматкерлер түзүлгөн.

1315 - жыл. Парижде шаар көчөлөрүндөгү таштандыларды, калдыктарды тазалоо киргизилген.

1388 - жыл. Англия парламентинде Лондон шаарында таштандыларды көчөгө жана ичилүүчү сууларга таштоого тыюу салынган.

1775 - жыл Лондондо таштандыларды таштоочу атайын урналар орнотулган.

1869 - жыл Биринчи жолу целлулоид иштетүү ишке кирген, пласмассанын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгара башташкан

1874 - жыл Англияда шаарлардагы таштандыларды өрттөп жок кылуу ишке киргизилген.

1897 - жыл Нью-Йорк шаарында биринчи жолу мусорлорду ылгоо (сортировкалоо) киргизилген.

1912-  жыл Швецар химиги Яков Брандервер целлофан баштыкчаларын иштеп чыгууну негиздеген.

1916 -жыл Европада, Америкада күйүүчү отундан чыккан ыш 80%ти түзгөн, 1940 жылы бул көрсөткүч 42%ке,  1960 жылы 3%ке төмөн түшкөн.

1942 жыл Мурдагы Советтер Союзунда жана АКШда таштандыларды кайра иштетип аскердик максатка пайдаланууга өтүшкөн.

1948 жыл Нью-Йорк шаарында таштандыларды иштетүүчү Фреш – Кеилс деген компания ачылган бүгүнкү күнгө чейин жумушун жоготпостон иштеп келүүдө

1965 - жыл АКШда катуу заттарды утилизациялоо боюнча АКТ кабыл алынган.

2000 - жыл Европалык уюмга кирген мамлекеттер калдыктардын 50%тин кайра иштетип пайдалануу үчүн негизги маселени коюшкан.

Бишкектин экологиясын бузган көп шарттар бар

Учурдагы шаардын экологиясы деген эмне? Жашоонун сапаттык көрсөткүчү. Урбанизация – бир тараптуу караганда калктын санынын өскөндүгү салыштырмалуу жашоо чөйрөдөгү шарттын төмөндөп кеткендиги байкалат. Табигый системалардан жасалма системалардын пайда болушу, айлана – чөйрөнүн, дарыя, көлдөр, суулардын булгануусу  организмге таасир этүүлөр.

Бүгүнкү күндө андай эмес күндөн күнгө Бишкектин «паразиттери» өсүүдө башкача айтканда атмосферага, сууга зыяндуу заттар чыгып булгоодо. Бул ачуу чындык баарыбызга белгилүү. Бишкектеги зыяндуу таасирлерди азайтуу тура жолго коюлбаса, түбү жүрүп адамдар өз кылган катачылыктарыбызга өзүбүз өкүнүп калбагандай болуш керек. Ошондуктан Бишкектин ландшафттын тура пландаштыруу бүгүнкү күндүн талабы. Шаардын ландшафттын калыптандыруу боюнча түрдүү иш аракеттерди колго алуу; санитардык – гигеналык жагын кароо, калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, экологиялык таза чөйрө түзүү, жашоого эстетикалык ырахат тартуулаган жагымдуу шарт түзүлүүгө тийиш.

1.Бир жолу гана пайдаланып ыргыта турган товарларды калк массалык түрдө пайдалануусу;

2.Оролуп даярдалган  буюмдардын көбөйүшү

3.Калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы, буюмдарды жаңыртуу.

Бишкектеги табигый компоненттер – атмосфера, өсүмдүктө, жер астындагы суулар, суу түтүктөрүндөгү суулар жана климат өзгөрүүгө дуушар болду. Бишкекти ыш, түтүн, транспорттон чыккан түтүн, завод, фабрика, комбинаттардан чыккан түтүн каптап турат. Үстүртөн караганда боз түшкөнгө окшоп көрүнөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости